Kural жөнүндө
Kural кыргызча да, казакча да «курал» дегенди билдирет. Бул чакан онлайн утилиталардын жыйнагы: конвертерлер, калькуляторлор, генераторлор, форматтагычтар.
Бул жерде өзүбүз иште колдонгон куралдар турат: бирөөлөрү иштеп чыгуучуларга, башкалары кеңседеги күнүмдүк ишке. Көп сервистер кыргыз тилин, сомду же жергиликтүү салык эрежелерин билбейт, ошондуктан мындай нерселерди өзүбүз жаздык.
Принциптер
Бардык куралдар акысыз жана каттоосуз иштейт. Карта сурабайбыз, лимит же суу белгиси жок.
Сайттын чыгымдарын жарнама жабат, аны да тажатпагандай коюуга аракет кылабыз.
Байланыш
Ката тапсаңыз же кандайдыр бир курал жетишпесе, hello@kural.tools дарегине жазыңыз. Kural долбоорун Бишкектеги Besoft Group командасы жасайт.