Негизги мазмунга өтүү
Kural

Кирилл ↔ латын конвертери

Кыргызча, казакча, өзбекче текст: кириллицадан латынга жана латындан кириллицага.

Кыргыз тилинин расмий латын алфавити азырынча жок. Биз жалпы түрк алфавитине негизделген схеманы колдонобуз: ө → ö, ү → ü, ң → ñ, ы → ı, ж → j, ч → ç, ш → ş.

Өзбекстанда кирилл менен латын катар жүрөт, Казакстан латынга өтүп жатат. Конвертер ар бир тилдин өз эрежеси боюнча тамгама-тамга кайра жазат: Ўзбекистон → Oʻzbekiston, Қазақстан → Qazaqstan.

Өзбекчеде сөз башындагы е ye болот, ш sh болот, баш тамгалар да сакталат (ШАҲАР → SHAHAR). Латындан кириллицага которгондо апострофту кандай жазсаңыз да таанийт: o', oʻ же o‘.

Кантип колдонсо болот

  1. Тилди тандаңыз: кыргызча, казакча же өзбекче.
  2. Багытын тандаңыз: кирилл → латын же латын → кирилл.
  3. Текстти жазыңыз же чаптаңыз, которулганы оң жакта чыгат.
  4. Көчүрүү менен алып кетиңиз. Которулган текстти дагы оңдогуңуз келсе, Алмаштыруу аны киргизүү талаасына өткөрүп, багытты тескери буруп коёт.

Мисалдар

Өзбекче
Тошкент шаҳри → Toshkent shahri
Ўғил → Oʻgʻil
Ер → Yer
Казакча (2021-жылкы алфавит)
Қазақстан → Qazaqstan
Әлем → Älem
Ұлы дала → Ūly dala
Кыргызча
Кыргызстан → Kırgızstan
Чүй өрөөнү → Çüy öröönü

Көп берилүүчү суроолор

Өзбек тилинин кайсы латын алфавити колдонулат?

1995-жылы кабыл алынган расмий алфавит, 2000-жылкы өзгөртүүлөрү менен: oʻ, gʻ, sh, ch, ng, ъ үчүн ʼ белгиси. Апостроф катары расмий документтердегидей ʻ модификатор тамгасы (U+02BB) коюлат.

Казак тилинин кайсы латын алфавити колдонулат?

2021-жылы бекитилген вариант: ä, ğ, ı, i, ñ, ö, q, ş, ū, ü. Анда жок ц, щ, ё тамгалары s, ş, io болуп жазылат.

Кыргыз тилинин расмий латын алфавити барбы?

Жок, расмий жазуу кириллица бойдон. Биз жалпы түрк схемасын колдондук (ö, ü, ñ, ı, ş, ç): ат, домен же кат жазууга жарайт, окуганга да түшүнүктүү. Паспорттогудай жазылыш керек болсо, документ берген мекеменин эрежесин караңыз.